Кечээ, 9-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда Чүй каналында эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 102 кызматына Чүй каналы менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде 40-45 жаштагы кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарышкан.
Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз