Site icon Reporter.kg

Чүй: Киргшелк айылында көрүстөндөрдү тоноп жатат

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда христиандардын күмбөздөрүнүн темирлерин тоноп кетти. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-январь күнү Ысык-Ата райондук милицияга 54 жаштагы Б. Л. Киргшелк айылындагы көрүстөндөрдүн темир тосмолору менен атайын христиан дининдегилердин темир крест белгилерин бери тоноп кеткенин айтып кайрылган.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына катталып, учурда издөө иштери башталды.

Exit mobile version