Чүй облусунун Лебединовка айылындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн такталган маалымат боюнча, Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, жалпы 3 бөлүм, Штаб жана газ чарба кызматынан 1 бригада тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен саат 17:24тө чектөөгө алынып, 18:47де толук өчүрүлдү.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.