Чүй: Молдовановкадагы №1 абакка маңзат ыргыткан жигит кармалды

Чүй: Молдовановкадагы №1 абакка маңзат ыргыткан жигит кармалды

19-апрелге караган түнү саат 23:15тер чамасында №1 түзөтүү абагынын тосмосунун жанынан белгисиз адам кайтарылган мекеменин аймагына эки пакетти ыргытмакчы болгондугу аныкталган. Бул туурасында Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны дароо мекеменин ыкчам кызматкерлери менен Кайтаруу жана күзөтүү  департаментинин жоокерлери  бирге кармашкан. Мыйзам бузган өзүн Б.уулу Ж деп тааныштырган 2001-жылы туулган жаран болуп чыкты.

Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинен скотч менен оролгон жашыл түстөгү мүнөздүү жыты бар, жалпы салмагы 513 граммды түзгөн зат болгон.

Окуя боюнча тиешелүү материалдар жана кармалган адамдын өзү Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>