Site icon Reporter.kg

Чүй проспектиндеги чоң курулушка байланыштуу автобустардын каттамдары өзгөртүлөт

9-май саат 22:00дөн тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, аталган көчөлөр менен жүргөн автобустардын каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Көчөлөр Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде  жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча ири долбоорго байланыштуу жабылууда.

Мэрия тыгынды азайтуу үчүн светофордун цикли да транспортко туураланарын билдирди.

Exit mobile version