Site icon Reporter.kg

Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши марттын аягында жабылат

Бишкектин Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү 31-марттан тарта жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, тейлөөчү объектилер жайгашкан жаңы жер астындагы өтмөктүн жана 220дан ашуун унаа токтотуучу жайдын курулушуна байланыштуу жабылат.

Ошондой эле аталган көчөлөрдүн кесилиши аркылуу жүргөн автобустардын каттамы өзгөрөт:

Жол тыгынын азайтуу үчүн жол чырактардын иштөө цикли да өзгөрөт.

Шаар мэриясы аталган ири долбоор «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» компанияларынын жеке инвестицияларынын эсебинен ишке ашырылып жатканын жана курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн билдирди. Курулуш эки жылга жакын созулат.

Reporter.kg’ге мэриядан билдиришкендей, Чүй менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши 6-8 айга жабык болот.

Exit mobile version