Site icon Reporter.kg

Чүй проспектисинин оңдолгон тилкеси ачылды

Бүгүн, 2-июнда Бишкектеги Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки тилкеси мөөнөтүнөн мурад оңдолуп бүтүп, унаалар үчүн ачылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул тилкени оңдоо иштери 3 жумага эрте бүткөрүлгөн.

«Бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктерден алдыда жүргүзүлүүдө»,- деп билдирди мэрия.

Exit mobile version