Site icon Reporter.kg

Чүй районунда 225 орундуу мектептин курулушу башталды — сүрөт

Чүй районунун Ибраимов айыл аймагына караштуу Кошой айылында жаңы мектептин курулушу башталды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева курулушу башталган мектептин пайдубалына капсула салды.

Аталган айылдагы мектеп 2001-жылы тиешелүү органдар тарабынан колдонууга жараксыз деп табылып, 20 жылдан ашык убакыттан бери окуучулар эски бала бакчанын имаратында окуп келүүдө. Ал эми 2018-жылы жаңы мектеп имаратын салуу аракети көрүлүп, бирок каржынын жетишсиздигинен курулуш иштери башталган эмес. Ага ылайык, быйыл төраганын орун басары Жамиля Исаева көйгөйдү өз көзөмөлүнө алып, каржы маселесин чечүү тууралуу тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада 225 орундуу мектептин курулушу башталып, алгачкы этапта керектелүүчү каржы маселеси чечилди.

Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн депутат билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: “Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан жаңы мектеп да өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кызмат кыла турган жүздөгөн балдардын билим уясына айларына терең ишенем. Андыктан, мектеп имаратын кийинки жаңы окуу жылына чейин сапаттуу жана ыкчам бүткөрүү башкы максатыбыз”, – деди.

Муну менен катар Ибраимов айыл аймагында жасалып жаткан иштерге токтолгон Жамиля Исаева: “Аймактын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, Кошой-Алчалуу-Кызыл-Аскер жергиликтүү маанидеги унаа жолу жаңыланып, Кошой айылын таза суу менен камсыздоого багытталган жумуштар да башталды.

Жакында эле каржы маселеси чечилип, алгачкы 2 млн сом бөлүндү. Бул албетте чек эмес. Өлкөнүн өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин эске алып, биргелешкен аракет менен калктын турмушун жакшыртууга негизделген аракеттерди улантабыз”, – деди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Айыл эли жерлерди трансформациялоо, калкты жумуш менен камсыздоо өңдүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version