27-май күнү саат 22:00дөр чамасында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылына бара жаткан 2001-жылы туулган Н.С. чыгыш тарапта, көчөдө жарыктандыруунун жоктугунан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул туурасында Жол кайгуул кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгынын кесепетинен азиат улутундагы 74 жаштагы киши алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.