Site icon Reporter.kg

Чүй: Сокулукта 51 жаштагы киши өрттөн каза тапты

Сокулук районунун Западное айылынын аянты 24 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 51 жаштагы П.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган. Ал милиция кызматына өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.

Exit mobile version