Site icon Reporter.kg

Чүй: Сокулукта “Элден элге” социалдык дүкөнү ачылды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тештишев Сокулук районунун борборундагы “Элден элге” социалдык дүкөнүнүн ачылышына катышты.

Уюштуруучулардын айтымында,  жардамдар дүкөнгө чогултулат. Ал эми дүкөн мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, бардык жардамга муктаждарга таратып берет.

Сокулук районунда «Элден элге» аттуу социалдык дүкөн ачтык. Аны ачканыбыздын себеби азык-түлүккө муктаж жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бекер таратып берүү үчүн атайын ачтык. Бул эстафетаны өзүм баштап бердим, эми колунда бар жарандарыбыз да эстафетаны улап, ушул дүкөнгө азык-түлүк алып барса анын бардыгы адрестик негизде муктаждарга түз жеткирилип берилет. Эксперимент катары ачылган сокулуктагы бул социалдык дүкөндүн иши илгерилеп кетсе, калган 8 районго дагы ачалы деген аруу тилектерибиз бар» – деди Тентишев.

Эгерде бул дүкөнгө демөөрчүлөрдүн саны өсө турган болсо 8 районго чейин ачылат деп ишенишүүдө.

Exit mobile version