Сокулук районунун Красная-Речка айылынан 32 жаштагы С.Б. менен 27 жаштагы М.Э. бир үйдөн эки баш уйду уурдап кеткен. Бул туурасында Чүй милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, ушуга окшош мал уурулукка тийиштүү 5 факты катталган. Кылмышка шекттүүлөр жалпы 6 баш уй уурдаганы аныкталган. Булар сарайлардан мал уурдап алып, кээ бирин тирүү, айрымдарын союп сатып турушканы белгилүү болгон.
Уурулук боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.