Site icon Reporter.kg

Чүй: Унаа толугу күйүп кетти

Ысык-Ата районунун  Ново-Покровка айылынын  Заречный көчөсүндө жолдун жээгинде VoLkswagen T4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, өрт саат 12:20да чектөөгө алынып, саат 12:38де толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version