Site icon Reporter.kg

Чүй: Жер тилке берем деп унаасын алдап алган аял кармалды

Ал аял 2019-жылы Сокулук районуну Ново-Павловка айылынан жер тилкесин берем деп  Land Rover Discovery унаасын алдап алган. Бул туурасында Чүй милициясы билдирүү таратты.

Бишкек шаарынын Э.М. атту тургуну Чүй милициясына бул факты боюнча кайрылып, жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып издей баштаган. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында 60 жаштагы Д.Г атту аял кармалып, учурда сурак берүүдө.

Милиция 2020-жылы ушуга окшош арыздардан оноо жарандардан келип түшкөн айтууда.  Ушундай алдамчылыкка туш келгендер болсо 0(708) 14-88-70, 0(508) 27-88-66  бул телефондор аркылуу байланышка чыгууга милиция чакырууда.

Exit mobile version