Site icon Reporter.kg

Чүй: Жол кырсыгынан 3 киши каза болуп, алтоо жаракат алды — видео

Чүйдө жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы кагышып, УАЗ оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version