Site icon Reporter.kg

Чүй: Жол кырсыктан 11 киши жараат алып, 1 киши каза тапты

Бүгүн, 28-мартта  таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан.  Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылды.  Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.

Exit mobile version