Site icon Reporter.kg

Чүй: Жол кырсыктан айдоочу мүрт кетти

Бишкек — ​​“Манас” аэропорту унаа жолунда жол кырсыгынан бир киши көз жумду. Бул туурасында  Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Мазда Демио унаасынын айдоочусу калааны көздөй  бет алып бара жаткан. Рулду башкара албай дарак дүмүрүнө урунуп, оодарылып кеткен. Айдоочу ошол замат каза болуп, анын өздүгү такталууда.

Бардык материалдар аймактык тергөө органдарына өткөрүлүп берилет

Exit mobile version