Site icon Reporter.kg

Чүйдө 1-сентябрга карата 7 жаңы мектеп ачылат

Чүй облусунда 1-сентябрга карата 7 жаңы мектеп ачылат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептердин төртөө Ысык-Ата районунда, бирден мектеп Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда жайгашкан.

«Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүндө 250 орундуу, Ново-Покровка айылында 225 орундуу, Ивановка жана Тогуз-Булак айылдарында 150 орундуу мектептер ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн районундагы Пригородное айылында 500 орунга, Сокулуктагы Мирный айылында 275 окуучуга, Жайыл районундагы Сосновка айылында 225 орунга ылайыкталган мектептер 1-сентябрда ишке кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version