Site icon Reporter.kg

Чүйдө 150 млн долларга цемент заводу курулат

Чүй облусунда цемент заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Заводдун курулушу тууралуу келишимге экономика министри Данияр Амангелдиев жана «Терек-Таш» жана «Фирма «ЗЕНИТ» компанияларынын консорциуму тарабынан кол коюлган.

Заводду курууга 150 млн доллар инвестиция салынары пландалууда. Ал курулуп калса жылына 1,5 млн тонна цемент чыгарып турат.

Келишим боюнча цементти өндүрүү үчүн эки ишкана Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагынын Жылтыр тилкесинде жана Ысык-Атанын Ново-Павловка айыл аймагында курулат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version