Site icon Reporter.kg

Чүйдө 19 жаштагы кыз өгөй атасын бычактады

нож

Жайыл районунда 40 жаштагы кишини бычактоого шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, бычакталган киши аймактык ооруканага 11-апрелде түшкөн. Жерине барган ыкчам тергөө тобу жабырлануучу менен өгөй кызынын ортосундагы пикир келишпестиктен улам жаңжал чыкканын аныкташкан.

Факты боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен козголгон иштин алкагында кылмышка шектүү катары Т.Н. атуу кыз кармалды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version