Site icon Reporter.kg

Чүйдө 200 түк саман күйүп кетти

2-август күнү Москва району, Александровка айылы,  Почтовая көчөсүндөгү үйдүн  короосунда жыйылган 200 даана саман түк толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө Москва райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт саат 21:55те чектөөгө алынды. Саат 23:35те толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Exit mobile version