Site icon Reporter.kg

Чүйдө абакта жаза өтөгөндөр 4 тоннадай арпа жыйнашты

Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан №45 мекеменин администрациясы айыл чарба иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Маалыматка караганда,  3 гектар аянттагы №8 колониядан өткөрүлүп берилген чарбалык участокто өндүрүштүк план боюнча 4 тонналык жаздык арпанын түшүмү жыйналды.

Аталган мекеменин башчысы,  майор Т.Каныметовдун айтымында, ижарага алынган 2 гектар жерге сабиз өстүрүлгөн.  Учурда отоо чөптөрдөн арылтуу иштери жүргүзүлүп, экинчи сугарууну жүргүзүштү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version