Site icon Reporter.kg

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген эки киши кармалды. Дагы бирөө издөөдө

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол тескөөчүлөрү адам өлтүрүүгө шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 21-октябрда кечке жуук болгон. Жол тескөөчүлөрү Кой-Таш айылында кызмат өтөп жатканда, аларга бир жаран келип, белгисиз 4 адам урушуп жатканын айткан.

Жол тескөөчүлөрү окуя жерине дароо барып, болжол менен 40 жаштагы киши бычактан жараат алып, каза болгонун көрүшкөн.

Бул ишке шектүү катары маркум менен чогуу ичимдик ичип отурган 34 жаштагы У.Б. жана 48 жаштагы К.Р. аттуу жарандар кармалган. Алардын бири качып бара жаткан жеринен, экинчиси үйүнөн колго түшүрүлгөн.

Кармалгандар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Дагы бир шектүүнү издөө иштери уланууда.

Exit mobile version