Site icon Reporter.kg

Чүйдө апасы менен сууга аккан наристе табыла элек

Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 1 жашар наристе табыла элек. Бул тууралуу  Reportep.kg′ге ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, наристени 1 аптадан бери куткаруучулар издеп жатышат.

Буга чейин, 18-июлда  Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда 27 жаштагы  келин сууга түшүп кеткен 1 жашар кызын куткарам деп сууга түшкөн. Куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табышкан  эмес.  

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version