Site icon Reporter.kg

Чүйдө аял кишини тоноого шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Сокулук районундагы кафелердин биринде аял кишини тоноп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-майда милицияга 38 жаштагы К.А. аттуу жаран (аял киши) кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 25-майда болжол менен саат 23:00до Сокулук айылындагы кафеде белгисиз адамдар күч колдонуп, Redmi 10 телефонун тартып алганын билдирген. Анын телефонунун чехолунда 300 доллар болгон.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы М.Т. жана 22 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version