Site icon Reporter.kg

Чүйдө аял менен эркек каналга чөгүп кетти, бири изделүүдө

Чүй облусунда эки адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү  Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган И.Е аттуу аял киши чөгүп кеткен. 15-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, саат 18:40та издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө 16-июнь күнү улантылат.

Ал эми Аламүдүн районунда 15-июнь күнү саат 07:00 чамасында Аламүдүн айылында жайгашкан ГЭС-3 суу сактагычында болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени алып чыгышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version