Site icon Reporter.kg

Чүйдө 33 жаштагы аялын өлтүрө сабаган жаран кармалды

Чүй облусунда аялынын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда Ысык-Ата аймактык ооруканасына катуу сабалган 33 жаштагы С.З. аттуу аял киши түшүп, кийин каза болгон. Бул тууралуу райондук милицияга кабарланган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында белгилүү болгондой, маркумдун 40 жаштагы К.М. аттуу күйөөсү Красная Речка айылындагы үйүндө ичимдик ичип отуруп, аялы менен уруш чыгарган. Аны катуу сабап, анын айынан аялы каза тапкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version