Site icon Reporter.kg

Чүйдө бала бакчадан өрт чыкты

Чүйдүн Маевка айылында жайгашкан бала бакчадан өрт чыгып, таңга маал өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчадан чыккан өрттү өчүрүүгө саат 02:07де жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

«Өрт саат 03:04тө чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version