Site icon Reporter.kg

Чүйдө баңгизат сатуу менен алектенген топ кармалды — сүрөт

ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматы Чүй облусунда баңгизат сатуу менен алектенген топту кармады.

Маалым болгондой, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө баңгизат сатууга шектелип Р.А. аттуу 39 жаштагы жаран кармалган. Ал кармалган учурда милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен баңгизат салынган 4 баштыкчаны берген. Андан тышкары 2 баштыкчаны милиция кызматкерлерине өздөрү таап чыккан. Экспертизага ылайык, баштыктагылар нашаа болуп чыккан.

Андан кийинки ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 45 жаштагы У.Э. аттуу жаран кармалып, ал баңгизат сатууда «Бакыт» аттуу киши ортомчу деген көрсөтмө берген. Көрсөтмөнүн негизинде милиция кызматкерлери шектүүнүн жашаган жерин аныктап, Сокулук районунан 47 жаштагы Б.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Шектүүнү текшерүү учурунда, анын жанынан 10 баштыкча табылган. Экспертиза ылайык табылган зат нашаа болуп чыккан.

Ошондой эле Б.А. аттуу шектүүнүн үйүнөн 39 брикет жана 2 конверт табылган. Анын салмагы 390 граммды түзгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version