Чүйдөгү айланма жолдо жеңил унаанын алдын тороп, өткөрбөгөн айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Toyota Land Cruiser Prado’нун айдоочусу «Ауди С4» унаасынын жолун тороп, атайылап өткөрбөй жатканы тартылган видео соцтармактарга тараган.
Токмок шаарынын жол тескөөчүлөрү аталган айдоочуну таап, автоээнбаштык үчүн 15 миң сом айып салган. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.