Site icon Reporter.kg

Чүйдө чоң энесинин өлүмүнө шектүү катары небереси кармалды

Чүй облусунда чоң энесинин өлүмүнө шектүү катары небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-октябрда Сокулук райондук милициясына 70 жаштагы Г.В. аттуу жаран (аял киши) денесинде оор жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Келтирилген оор жаракаттардын кесепетинен ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катара маркумдун 23 жаштагы Г. М. аттуу небереси кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Кылмыш ичкиликтин айынан, чоң апасы небересин ичкилик ичесин деп урушканынан болгондугу аныкталды», — деп билдирет милиция.

Тергөө уланып жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version