Site icon Reporter.kg

Чүйдө цехтин 350 чарчы метри күйүп кетти

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунда жайгашкан темир ширетүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык менен 5 күжүрмөн топ күрөшүп, аны таңкы саат 6га жакын чектөөгө мүмкүн болду.

Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version