Site icon Reporter.kg

Чүйдө дан эгиндерин оруп-жыюу иши активдүү жүрүүдө

Чүй районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кылкандуу дан эгиндери жалпысынан 9 миң 365 гектар жерге өстүрүлгөн. Бүгүнкү күндө анын 4 миң 272 гектары (45,62%) оруп-жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүүдө.

Мындан тышкары, район аймагындагы 20 гектар аянтка арпанын эки сорту: «Бакула» жана «Маргарит» сорттору эгилген. Анын ичинен 7,5 гектар жерге «Бакула», калган 12,5 гектарына «Маргарит» сорту себилген. Учурда бул аянттардан түшүм жыйноо иштери да жүрүп жатат.

Exit mobile version