Site icon Reporter.kg

Чүйдө эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда эки адамды өлтүрүүгө жана үй өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

12-октябрда кечинде Кант шаарындагы Пионер көчөсүндөгү үйдө өрт чыккан. Үй 4 батирден турган. Алардын биринде 41 жаштагы жарандын (К.А.) сөөгү табылган.

Милициянын маалыматы боюнча, ошол күнү Х.Р. аттуу жаран өзүнүн тааныш аялынын (Е.И.) үйүнө барган. Ал жактан кызганычтан улам тааныш аялын жана бир эркекти (И.О.) сабап салган. Алар качып кеткен. Х.Р. батирде калып, бөлмөлөрдүн биринде мас абалда жаткан жаранга (К.А.) спирт чачып, аны өрттөп, кетип калган.

Ал эми ур-токмок жеген аял (Е.И.) менен эркек (И.О.) Канттагы ооруканага кайрылышкан. Аял киши ооруканага жаткырылган. Берки эркек (И.О.)  бейтапканадан кетип калган. Кийинчерээк 15-октябрда анын сөөгү Канттагы Чекиров көчөсүнөн табылган.

16-октябрда «адам өлтүрүү» жана «бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Х.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө уланууда.

Exit mobile version