Site icon Reporter.kg

Чүйдө изделип жаткан өспүрүм компьютердик клубдан табылды

Чүй облусунда эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас — 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version