Site icon Reporter.kg

Чүйдө каналга чөгүп кеткен 18 жаштагы кыздын денеси табылды

Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен 18 жаштагы кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында каналга 2004-жылы туулган А. к С. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине 9 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар тарабынан саат 18:30да каналдан кыздын сөөгүн суудан чыгарышып, ИММ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version