Site icon Reporter.kg

Чүйдө кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты — видео

Бүгүн, 21-октябрда Чүй облусунун Восток айылында кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, таңкы саат 04:45те Восток айылынын Береговая көчөсүндөгү кездеме сактоочу кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 07:48де чектөөгө алынган.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version