Чүйдө мурда бир нече жолу соттолгон жаран «айфон» уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 31-мартта Сокулук районунун милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, белгисиз адамдар ошол эле күнү №302 кичи автобустан (маршрутка) анын «Айфон 14» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин билдирген.
Ушундай эле арыз менен Сокулуктун дагы бир тургуну кайрылып, анын «Айфон 15 про макс» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөөнүн натыйжасында, шектүү катары бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган 32 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.