Site icon Reporter.kg

Видео: Чүйдө кылмышкер милицияга каршылык көрсөтүп, ок атышуу чыкты

Чүйдө кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо учурунда кылмышкер милицияга куралдуу каршылык көрсөттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, милиция Дмитриевка айылында Оштогу каракчылык иши боюнча шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүп жаткан. Операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөсү ок атып, укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн.

Айрым маалыматтар боюнча кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы кийинчерээк толугураак маалымат берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version