Site icon Reporter.kg

Чүйдө Майрамбек Кыдырбаев үч жылдан бери дайынсыз болууда

Чүйдүн Сокулук районунда 58 жаштагы Майрамбек Кыдырбаев үч жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Майрамбек Кыдырбаев 2020-жылы февраль айында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Милиция Майрамбек Кыдырбаевди көргөн-билгендер болсо, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version