Site icon Reporter.kg

Чүйдө 240 миң сомдук асыл тукум уй уурдаган жаран кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда мал уурдоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милицияга Б.С. аттуу жаран кайрылып, 10-октябрда Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз адамдар баасы 240 миң сом болгон сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасоого шектүү катары 31 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version