Site icon Reporter.kg

Чүйдө өспүрүм кызды зордуктоого шектелип официант кармалды

Бишкек шаарындагы «Алтын казына» кафесинин официанты кызды зордуктаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-августта Аламүдүн районундагы милиция бөлүмүнө У.Ж. аттуу жаран кайрылып, анда ал 7-августка караган түнү Лебединовка айылында анын 17 жаштагы кызын зордуктаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн өздүгү такталып, суракка алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган У.Э.  кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга  киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version