Site icon Reporter.kg

Чүйдө россиялык жаран парапландан кулап түшкөн

Чүйдө россиялык жаран парапландан кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-августка караган түнү саат 23:55те «112» кызматына 48 жаштагы россиялык жаран параплан менен учуп, Аламүдүн районунун Арашан капчыгайына кулаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркаган жаранды тоодон алып түшүп, «тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version