Site icon Reporter.kg

Чүйдө Россиянын жаранын 135,8 миң долларга сызга отургузуп кеткен деген адам кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 22-январда милицияга Россиянын 42 жаштагы жараны (Ш.Р.) кайрылган. Ал арызында 2024-жылы ноябрда белгисиз жаран ишенимине кирип, Кытайдан эки Li 7 Pro жана бир Li 7 Ultra унаасын (жалпы үч унаа) ташып келип берем деп 135,8 миң доллар алып, убадасын аткарбай койгонун билдирген.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы Б.Э. кармалган. Милиция билдиргендей, ал Кытайдан унаа ташыган TES Exspress компаниянын директору болуп саналат.

Териштирүү учурунда, 2024-жылы ноябрда ал (Б.Э.) Россиянын жаранынан 135,8 миң доллар алганы, үч унааны 20-декабрга чейин алып келип бериш керек болгону аныкталган. Бирок ал мойнуна алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Милиция аталган жаранга алдангандар болсо, 0312 43-01-27 же 0312 43-88-85 номерине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version