Site icon Reporter.kg

Чүйдө сарайдан өрт чыгып, мал-жандыктар күйүп кетти

Чүй облусунун Александровка айылында чоң өрт катталып, анын кесепетинен мал-жандык, дан эгиндери, чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр сарай, 150 чарчы метр бастырма, 400 түк чөп, 1 жарым тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 баш кой күйдү.

Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 18:34тө өрт толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version