Site icon Reporter.kg

Чүйдө сууга чөгүп кеткен эки жаран изделүүдө

Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июль күнү Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй Каналына 20 жаштагы жаран сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, буга чейин издөө иштери жыйынтык бере элек.

Мындан тышкары кечээ Чүй районунун Садовое айылынын 1957-жылы туулган М.Т. аттуу жаран ЧЧКга чөгүп кеткен. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.

Кайрадан бүгүн издөө иштерине Токмок шаардык ӨКбдан 4 куткаруучу, Чүй райондук ӨКБдан 9 куткаруучу, жардамга Ысык-Ата райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, Аламүдүн райондук ӨКБдан куткаруучу тартылды.

Учурда издөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version