Site icon Reporter.kg

Чүйдө таанышынын «Лексусун» сатып жиберген эки адам кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге арыз менен Т.Н. аттуу жаран кайрылып, ушул жылдын апрель айында Э. аттуу жаран анын ишеничине кирип, баасынын үчтөн бир бөлүгүн берип «Лексус 450 h» автоунаасын алып, анын атынан тил катка жасалма кол коюп, башка адамдарга сатып жибергенин билдирген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш иши боюнча тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү болгон 1992-жылы туулган Р.Э. жана 1994-жылы туулган Т.С. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

«Бул адамдардан жабыркаган  жарандар Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефондору аркылуу же 102 кызматына кайрылса болот”, — деп билдирет милиция.

 

 

Exit mobile version