Site icon Reporter.kg

Чүйдө токтоп турган унааны айдап качкан жигит кармалды

Чүй облусунда  унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-майда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, 3-апрелде Жайыл районунун Алексеевка айылында түнкү саат бир жарымдар чамасында үйдүн короосунда токтоп турган “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автотранспорт каражатын уурдоо») менен каттоого алынган.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Х.Э. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version