Site icon Reporter.kg

Чүйдө үй ээси ууруну кармап, бакка байлап койгон — видео

Чүйдүн Аламүдүн районунда үйдүн ээси уурулукка келген жаранды кармап алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-март күнү белгисиз жаран эч ким жоктугунан пайдаланып, Ак-Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине кулпусун сындырып кирген. Ал үй оокаттарын чачып жатканда, үйдүн ээси келип калып, ууруну колго түшүргөн. . Үй ээси ууруну качып кетпесин деп бакка байлап коюп, окуя жерине келген милиция кызматкерлери өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренеси (Уурулук кылууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адамдын өздүгү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 32 жаштагы М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Кошумча текшерүү учурунда Аламүдүн районунда болгон бир нече уурулук фактысына М.Э. аттуу шектүүнүн дагы катыштыгы бар экендиги такталды», — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version