Бүгүн, 28-июлда Чүйдүн Новопокровка айылында эки унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктын айынан «КамАЗ» жүк ташуучу унаасы оодарылып кетип, жеңил унаанын алды талкаланган.
Учурда окуя жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.
Жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз